Москва шаарында өткөн омбудсмендердин эл аралык форумунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын адам укуктарын коргоочуларынын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева бул кызматташтыкты өзгөчө (беспрецедентный) деп атады.

Кызматташтыкты бекемдөө максатында эки тараптын ортосунда маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Анын негизинде төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:

  • Россиядагы кыргызстандыктар менен Кыргызстандагы россиялыктар үчүн укуктук жардам көрсөтүү боюнча эки протокол кол коюлду.
  • Жарандарды биргелешип кабыл алуу иштери ийгиликтүү жүрүп жатат, мисалы, кечээ эле Москвадагы элчиликте мындай иш-чара өткөрүлдү.
  • Биргелешкен укуктук жардам борборлорун түзүү маселеси каралууда.