«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, суу берүү 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин токтотулат. Суусуз кала турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген чектерине таандык болот.
Ишкананын адистери тургундардан жана мекеме-уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунушташат. Ошондой эле шаардыктарды «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык өчүрүүлөр жөнүндө маалыматтарды өз убагында алууга чакырышат.








