19-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын демографиялык жана социалдык чакырыктарын талкуулоо максатында өткөрүлгөн презентациялардын алкагында «Кыргыз Республикасында калктын карышы жана кедейлик» аттуу аналитикалык обзор тааныштырылды.
Бул изилдөө «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун Кыргызстандагы калк тууралуу фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен даярдалган. Иш-чаралар миграция, кедейлик жана калктын карышы сыяктуу актуалдуу маселелерге багытталган.
Изилдөөнүн негизги багыттары
Авторлор карылардын абалын үч негизги жаш курагында карашты: 60 жаштан 69 жашка чейинкилер, 70 жаштан 79 жашка чейинкилер жана 80 жаштан ашкан жарандар. Ошондой эле шаар жана айыл жергесиндеги карылардын жашоо шарты, иш менен камсыздоо, пенсия жана туугандарынын колдоосу боюнча айырмачылыктар талданды.
- Кирешелер жана жашоо шарттары
- Пенсиялык камсыздоо
- Медициналык жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүк
- Жалгыздык жана социалдык обочолонуу
- Санариптик теңсиздик
Сунушталган чаралар
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кедейликти азайтуу, пенсияны жакшыртуу жана социалдык коргоону күчөтүү боюнча иш-чаралар сунушталды. Анын ичинде карыларга кам көрүү кызматтарын өнүктүрүү жана жалгыз жашаган жарандарга колдоо көрсөтүү маанилүү кадамдар катары белгиленди.
Бул маалыматтар Кыргызстанда карылардын жашоо сапатын жогорулатуу жана алардын татыктуу карышын камсыздоо боюнча мамлекеттик чараларды иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн.











