Франция кыргызстандыктарды 6–8 айлык мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Франция кыргызстандыктарды 6–8 айлык мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Кудайбердиевдин айтымында, жакында Франциянын миграция кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетишкен. Учурда тараптар сезондук жумушка орноштуруунун шарттарын жана тиешелүү келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.
Сунушталып жаткан механизм Улуу Британиядагы сезондук жумушка орноштуруу программасына окшош болушу мүмкүн. Бирок, Кудайбердиев белгилегендей, азырынча программанын акыркы шарттары аныктала элек.
Эгерде программа ишке ашса, кыргызстандыктар Францияда сезондук айыл чарба тармагында 6 айдан 8 айга чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул кыргызстандыктар үчүн Европада эмгек тажрыйбасын алууга жана киреше табууга жаңы мүмкүнчүлүк болуп саналат.


















