Кыргызстан жарандарын уюшкан түрдө чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу үчүн жаңы багыттарды издеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин Миграциялык процесстер жана өнүгүү программалар бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каримовдун айтымында, ведомство жарандарды ишке орноштуруунун географиясын кеңейтүү, жаңы эмгек базарларын өздөштүрүү жана эмгек миграциясынын негизги багыттардын чектелген санына болгон көз карандылыгын азайтуу боюнча туруктуу иш алып барууда.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясат концепциясынын 2021-2030-жылдарга карата экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлүүдө. Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу географиясын кеңейтүү боюнча атайын Жол картасы иштелип чыгууда. Ошондой эле, бул ишти ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык координациялык жумушчу топ түзүлгөн.














