Turmush басылмасынын "Тарых инсаны" рубрикасынын кезектеги каарманы — 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, дайынсыз жоголгон деп эсептелген Мамет Жолдошов.
Мамет Жолдошовдун тагдыры тууралуу анын небереси, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Алтынбек Алымкулов айтып берди.
Дайынсыз жоголгон жоокердин тагдыры
Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивиндеги маалыматтарга ылайык, Мамет Жолдошов 1925-жылы Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында туулган. Ал 1943-жылы согушка чакырылып, 1944-жылдын март айында "дайынсыз жоголгондугуна" байланыштуу аскер бөлүгүнөн чыгып кеткен.
"Жакынкы туугандары" графасында "энеси Бурулкан Турганбаева" деп көрсөтүлгөн. Алтынбек Алымкулов Бурулкан Турганбаева анын чоң апасы экенин тастыктады. Архивден дагы бир "Жолдошов Малет" аттуу, 1925-жылы туулган белгисиз жоокер тууралуу маалымат табылган.




















