Ак-Суу районунун мугалими Асель Акматалиева Казакстанда өткөн эл аралык конкурста ийгиликтерге жетишти. Ал «Борбордук Азиянын мыкты педагогу» наамын утуп алып, биринчи даражадагы диплом, төш белги жана атайын кубок менен сыйланды. Мындан тышкары, анын иштеген мектебинин жетекчилигине уюштуруучулар ыраазычылык кат жөнөтүштү.

Асель Акматалиева педагогика тармагында 15 жылдык тажрыйбага ээ. Ал Чолпон-Ата шаарынан, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Педагогика» адистиги боюнча жогорку билим алган.

Мугалимдик кесипти тандоо менин балалык кыялым болчу. Ата-энемдин үлгүсүн алып, бул кыялымды ишке ашырууга жана жакшы адис болууга ар дайым аракет кылам.
Асель Акматалиева

Айрым маалыматтарга таянсак, ал мурда да бир катар конкурстарда байраак орундарды ээлеп келген. Мисалы, 2025-жылы райондук «Жыл мугалими» конкурсунда биринчи орунду алган.

Азыркы учурда балдарга заман талабына ылайык сапаттуу билим берүү үчүн, мугалим өзү токтоп калбай, тынымсыз өнүгүп турушу керек.
Асель Акматалиева

Асель Акматалиеванын үй-бүлө мүчөлөрү анын кесибине терең түшүнүү менен мамиле кылып, ар дайым колдоп келишет.