Европанын коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн андагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышуусу шарт экенин билдирди. Шэньчжэньдеги үч тараптуу жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Владимир Путин Америка тараптын Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Европаны тартууну талап кылып жатканын айтты.

Ошондуктан биз европалыктардын Москвага келип, өз позициясын айтып берүүсүн сунуштадык. Андан кийин гана Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кандай форматта улантууну чечебиз.
Владимир Путин

Россиянын лидеринин айтымында, коопсуздук маселелерин Европанын катышуусуз талкуулоо маанисиз. Россия, Украина жана Европа үчүн жалпы коопсуздук камсыз кылынышы керек деген принцип боюнча АКШ менен макулдашылган.

Ранее по темеПутин, Си жана Трамптын жолугушуусу Кыргызстанга кандай таасир этет?