Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү ишин Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана Министрликке караш 27 ишканалык медициналык-социалдык экспертиза комициялары жүргүзөт.

Бул тууралуу Министрликтеги мүмкүнчүлүгү жок адамдар жана өнөкөт жарандар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова маалымат берди. Анын айтымыша, МСЭК өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелинин № 185 токтомуна ылайык жүргүзөт.

Цифрлашуунун максаты жана мааниси

МСЭК системасында эң көп көңүл бурулган нерсе – көрсөтүлгөн кызматтардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу. Ушул багытта мамлекеттик кызматтарды цифралдаштыруу, адам факторунун таасирин азайтуу, ички көзөмөл механизмдерин бекемдөө, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана жарандарга кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Назгүл Чолумова белгилегендей, өткөн эки жыл ичинде жарандардын медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси бүт республика боюнча цифралдаштырылган.

Процесс кандай жүрөт?

Атайын учурда, медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн жаран биринчи кезекте саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылат. Медициналык уюмдар жарандын толук медициналык текшерүүсүн жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү жоктукту аныктоо негиздери болгон учурда, 088/у формасы боюнча электрондук түрдө жөнөтүү жана тиешелүү медициналык документтерди МСЭКга жөнөтүшөт.

Ошондой эле, маалымдамаларды даярдоо процесстери автоматташтырылган. Мурун бардык документтер кагаз носирлерде түзүлүп, мүмкүнчүлүгү жоктук жөнүндө маалымдамалар жарандарга кагаз түрдө берилчү. Азыркы учурда мүмкүнчүлүгү жоктукту тастыктаган маалымдамалар цифралык форматка өткөрүлүп берилүүдө.