Кыргызстандын Кабинети автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) чөйрөсүндө төлөмдөрдүн тартибин өзгөртүү демилгесин коомдук талкууга койду. Муну менен мыйзамдагы карама-каршылыктар жоюлуп, төлөмдөрдү эсептөөнүн бирдиктүү тартиби киргизилет.

Азыркы учурда ОСАГО боюнча төлөмдөр эки мамлекеттик документ менен көрсөтүлүп, алар бири-бирине туура келбейт. Бул авто ээлери менен камсыздандыруу компанияларынын ортосунда пикир келишпестиктерди жаратууда.

Төлөмдөрдүн учурдагы ченемдери

2022-жылдын 4-мартындагы №107 токтомуна ылайык, каза болгондор үчүн компенсация 300 миң сомду түзөт. Биринчи топтун майыптыгы болгондорго 200 миң сом, экинчи топко — 150 миң сом, үчүнчү топко 100 миң сом төлөнөт. Майыптыксыз жаракат алгандарга 100 миң сомго чейинки медициналык чыгымдар төлөнөт. Мүлкү жабыркагандарга ар бирине 150 миң сомдон, жалпы 450 миң сомго чейин компенсация берилет.

Бирок 2024-жылдын ноябрында бекитилген башка методикада майыптык боюнча төлөмдөр белгиленген, бирок каза болгондорго төлөмдөр каралган эмес. Бул эки документ тең укуктук күчкө ээ болгондуктан, колдонууда кайчы пикирлер жаралууда.

Жаңы долбоор бул маселелерди чечип, төлөмдөрдү эсептөөнүн бирдиктүү жана так ыкмасын түзүүнү көздөйт.