Кыргызстандын Суулар ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ишкерлер жана кайра иштетүүчү компаниялар менен жолугушту.

Жыйында чочко өңдүрүү тармагынын учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү, өндүрүштү өстүрүү пландары жана продукциянын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ишкерлер жана өндүрүүчүлөр тармакты кеңейтүү, чийки затты натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле тармактын атаандаштуулугун жогорулатууга багытталган чараларын сунушташты.

Талкууга министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышышты.

Жыйындын жыйынтыгында жогоруда айтылган сунуштарды ишке ашыруу аркылуу чочко өңдүрүү тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуулар түзүлдү.