Нарын облустук Табиғый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл департаментинин инспекторлору Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз балык уулоо фактылары боюнча иш-аракеттерди жүргүзүштү.
Бул окуя тууралуу билдирүүлөр социалдык тармактарда таралган. Ал кабарлардын негизинде инспекторлор шектүүлөрдүн жүзүн аныкташып, аларды укук коргоо органдары кармашты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам бузгандарга ар бирине 10 000 сомдон административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, жайыттардан мыйзамсыз унаа менен өтүү үчүн кошумча 5 500 сом айып пул өндүрүлдү.
Учурда шектүүлөр Ат-Башы райондук милициясынын тергөө бөлүмүнө алынып келинди. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын териштирип жатат.



























