Бүгүнкү күндө Кыргызстан жаныбарлардын ооруларын диагностикалоо үчүн керектелүүчү каражаттарды чет өлкөдөн сатып алат. Бул өлкө бюджетине оор жүк болуп, ветеринардык кызматтын ыкчамдуулугуна таасирин тийгизет. Ушул көйгөйдү чечүү максатында Кыргыз илим изилдөө институтунун адистери өзүбүздүн тест-системаларды иштеп чыгышты.

Институттун улук илимий кызматкери Максат Ахмеджановдун айтымында, жаңы иштелмелер ПЦР-диагностика, иммуноферменттик анализ (ИФА), ошондой эле ДНК жана РНК бөлүп алуу үчүн арналган. Бул топтомдор илдет козгогучтарын эрте аныктоого жана эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоого жардам берет.

Биздин тест-системалар спецификалык жана сезгичтик боюнча чет элдик аналогдор менен салыштырып сыноодон өттү. Кээ бир көрсөткүчтөр боюнча алардан ашып түштү.
Максат Ахмеджанов, Кыргыз илим изилдөө институтунун улук илимий кызматкери

Учурда институт өндүрүш үчүн лицензия алуу иштерин жүргүзүүдө. Кийинки кадам — продукцияны Айыл чарба министрлигинде каттоо. Андан соң тест-системалар өлкө боюнча ветеринардык лабораторияларга жеткирилет.

Өндүрүштү уюштуруу үчүн атайын борбор куруу пландалууда. Ага проектно-сметалык документтер даярдалып жатат. Ахмеджановдун баамында, курулуш аяктагандан кийин 2–3 жылдын ичинде өндүрүш ишке кириши мүмкүн.

Бул демилге өлкөнүн биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, ошондой эле ветеринардык кызматтын өз алдынчалыгын жогорулатууга багытталган. Жергиликтүү өндүрүш импортко болгон көз карандылыкты азайтып, каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.