Бишкектеги №68 «Баластан» мамлекеттик бала бакчасынын тарбиячысы эки жашар баланы сабады деген айыптоолорду четке кагууда. Ал компетенттүү органдар иликтөө иштерин аяктаганга чейин маалымат таратууга каршы экенин билдирди.

Мен баланы сабаган жокмун. Мага коюлган айыптоолорду таптакыр четке кагам. Бүгүнкү күндө балага дене жаракатын келтиргенимди далилдеген эч кандай аныкталган жана ырасталган фактылар мага көрсөтүлгөн жок.
Тарбиячынын билдирүүсү

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Баланын денесине келтирилген жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына жараша мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Эске салсак, буга чейин эки жашар баланын чоң энеси видео жарыялап, небереси бала бакчада сабатканын билдирген. Анын айтымында, эртең менен энеси бала бакчага дени сак баланы алып келген, ал эми күндүз алып кеткени барганда баланын бети менен денесинде көгөргөн тактарды байкаган.