Кыргыз экономикалык университетинин экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы, профессор Азизбек Бексултановдун айтымында, азыркы учурда негизинен Советтер Союзунан калган өндүрүштөр үчүн адистер даярдалууда. Ал эми жаңы өндүрүштөр үчүн тиешелүү адистер дээрлик жок.
«Биз дагы эле Советтер Союзунан калган өндүрүштөргө адистерди даярдап жатабыз. Жаңы өндүрүштөр үчүн тиешелүү адистер бизде дээрлик жок», — деди Бексултанов радио эфиринде.
Бизнес-ассоциациянын Ишкерлерди колдоо борборунун каржылык кеңешчиси Сабыт Айбалаевдин маалыматы боюнча, пластикти кайра иштетүүдө өзүбүздүн технологдор жок. Адистер Кытайдан келишет, бул ишкерлерге кымбатка турат.
Пластикти кайра иштетүүдө өзүбүздүн технологдор жок. Адистер Кытайдан келишет, бул ишкерлерге кымбатка турат.
Бексултанов ошондой эле Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу темир жолчулар жана логистика боюнча адистер керектелерин белгиледи. Жаңы ГЭСтер үчүн да кадрлар талап кылынат.
















