Кыргызстанда электрондук тамеки продукцияларын импорттоого коюлган чектөөнү узартуу маселеси каралууда. Экономика министрлиги вейптарды, электрондук тамекилерди жана алардын суюктуктарын өлкөгө алып келүүгө тыюу салууну дагы алты айга узартууну сунуштап жатат.

Министрлик бул чечимдин себебин жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана никотинге көз карандылык менен күрөшүү менен түшүндүрөт. Өзгөчө бул чара жаштар арасындагы көз карандылыкты азайтуу үчүн маанилүү деп белгиленген.

Ташманкы кызматынын маалыматына ылайык, электрондук тамекилердин импортунда айырмачылыктар байкалууда. Негизги жеткирүүчү Кытай өлкөсү болгон.

Электрондук тамекилердин импорту

61тонна
12,4тонна

импорт61 тонна12,4 тонна −80%

Булак: 2024

Учурда токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн чыгарылды.