Кандидат министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мамлекеттик акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарып, эки жаңы реформага расмий башталыш берди. Адылбек Касымалиев реформаларды уланыштыруунун маанилүүлүгүн, алар учурдагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.