Президенттин иш башкармалыгы даярдаган долбоордо транспорт каражаттарын каттоо эрежелерине, электрондук базаны жүргүзүү тартибине, айдоочулук күбөлүк алуу сынактарына, айнектерди караңгылатууга жана «кооз» номерлерди сатууга өзгөртүүлөр киргизилет.
Документ коомдук талкууга коюлду. Анын негизги максаты — жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, санариптештирүүнү тереңдетүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо.
Транспортту каттоодо эмне өзгөрөт?
Долбоордо «механикалык транспорт каражаты» деген так аныктама киргизилди. Эми кыймылдаткычынын көлөмүнө жана ылдамдыгына карабастан, бардык механикалык транспорт каражаттары — мопеддер, жеңил мотоциклдер жана жеке мобилдүүлүк каражаттары (самокаттар) мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мурда аймактарда бул категориялар боюнча ар кандай тажрыйбалар кездешчү.
Алыскы калктуу конуштардын тургундары жана ири өлчөмдүү же атайын техниканын ээлери үчүн көчмө каттоо киргизилет: борбордун адистери транспорт турган жерге барып, каттоо иштерин жүргүзө алышат.
Мындан тышкары:
- Алгачкы каттоодо бажы киреше ордери кабыл алынат.
- «Тундук» колдонмосу аркылуу санарип паспорт кагаз паспорт менен тең укуктуу болот.
- Документтердин түп нускасы жоголгондо, каттоо эрежелери такталат.
Сынактардагы көзөмөл күчөйт
Айдоочулук күбөлүк алуу сынактарында көзөмөлдү күчөтүү каралган. Бул коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана талапкерлердин билимин объективдүү баалоого багытталган.







