Жогорку Кенештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Физикалык тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, документтин максаты — билим берүү мекемелеринде адаптивдик физикалык тарбия каражаттарын колдонуу менен майыптыгы бар окуучулардын дене тарбия менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жарандардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле майыптыгы бар адамдарга кошумча социалдык колдоо көрсөтөт.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын тизмеси төмөндө берилген:
- Жылдыз Эгенбердиевадепутат
- Гульнара Акимбаевадепутат
- Айгул Ахмедовдепутат
- Токтобубу Ашымбаевадепутат
- Салтанат Амановадепутат
- Мавлюда Калбердиевадепутат
- Жылдыз Курманалиевадепутат
- Табылды Муратбековдепутат
- Алтынкуль Мурзакимовадепутат
- Болот Сагынаевдепутат
- Нуржамал Торобековадепутат
- Дастан Бекешевдепутат
Мындан тышкары, комитет мектептерде жана бала бакчаларда иштеген медайымдардын статусу жана алардын компенсациялык төлөмдөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу боюнча Жогорку Кенештин протоколдук тапшырмаларын аткаруу маселесин карады. Бул маселени мурда депутат Дастан Бекешев көтөргөн.






















