Өлкөдө жаңы мейманканалардын курулушу боюнча болжол менен 20 долбоор учурда ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатов «Кабар» подкастында айтты.
Инвесторлорду кызыктыруу максатында салык жана бажы жеңилдиктерин киргизүү зарыл экени белгиленди. Анткени инфраструктура жетишсиз болсо, Кыргызстанга күндөлүк чыгымдары аз туристтер гана келет.
Бай туристтер келгиси үчүн шарттар жана инфраструктура болушу керек. Бизде 100дөн ашык беш жылдыздуу мейманкана болушу шарт.
Азыркы учурда республика боюнча жогорку класстагы мейманканалардын саны өтө аз экени айтылды.











