Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 17-20-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) мүчө өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин 23-жыйыны өтмөкчү.
Министрлер жыйынына ШОСко мүчө мамлекеттердин маданият министрлери жана ШОС Секретариатынын өкүлдөрү катышат.
Жыйында маданий кызматташтык боюнча натыйжалар тууралуу отчет берилип, келечектеги жол карталары жактырылат.
Жыйынга чейинки жана кошумча иш-чаралар
- 16-19-июль күндөрү Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборунда ШОС өлкөлөрүнүн эл аралык кино фестивалы өтөт.
- 18-июлда Бишкекте ШОСтун Жаштар форуму уюштурулат.
- 18-19-июль күндөрү «Рух Ордо» сарайында ШОС өлкөлөрүнүн искусство чеберлеринин гала-концерти уюштурулат.
Бул иш-чаралар аркылуу катышуучу өлкөлөрдүн маданиятын жакшылап тааныштыруу жана кызматташтыкты чыңдоо максат кылынууда.










