Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18 жана 19-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) мүчө мамлекеттеринин чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда концерт жана гала-концерт өтөт.
Бул иш-чаралар 23-ШОС мамлекеттеринин маданият министрлеринин жыйынынын алкагында уюштурулуп, Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөрүлөт.
Концертте Кыргызстан, Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин чыгармачыл делегациялары өз өнөрлөрүн тартуулай турганы белгиленди.
Көрүүчүлөр музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тамашалап, ар кайсы өлкөлөрдүн маданиятын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Иш-чаралар саат 19:00дө башталып, бардык каалоочулар үчүн ачык жана акысыз өтөт.














