Башкы прокурор Малик Бектургановдун маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө жазасын өтөп жаткан 13 кыргызстандык жарандын өлкөгө кайтуусу боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул маселе Президентке түшкөн кайрылуулардын негизинде каралган.
Мындай маселелерди кароодо эл аралык конвенцияларды эске алуу керек. Башка өлкөгө которулгандан кийин өкүм өтөргөн адамдын абалы начарлабашы зарыл.
Прокуратурага жалпысынан 21 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 13 учурда которуу боюнча оң чечим чыгарылса, төрт арыз ээсине баш тартуу берилген.








