2026-жылы ваучердик каржылоо механизми боюнча пилоттук долбоорго 13 мамлекеттик жогорку жана 19 мамлекеттик орто кесиптик окуу жай катышат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, жеке менчик ЖОЖдор жана колледждер 2026-жылдагы долбоорго арыз беришкен эмес, ошондуктан алар бул этапка киргизилген жок.

2025-жылдагы катышуу

Салыштыруу үчүн, 2025-жылы пилоттук долбоорго 13 мамлекеттик жана бир жеке менчик жогорку окуу жай катышкан. Пилоттук долбоор Кыргызстанда 2025-жылы педагогдук багыттагы адистиктер үчүн гана ишке киргизилген.

Ваучердик механизм — бул республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар студенттин артынан, анын окуган мекемесинин менчик формасына карабастан, билим берүү уюмдарына багытталган мамлекеттик каржылоо ыкмасы.

Ваучерлерди бөлүштүрүү

2025-жылдагы ваучерлердин бөлүштүрүлүшү

374педагогикалык орто кесиптик окуу жайларга
1611-класстын базасында кабыл алынгандар
358