Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 2026-жылы ОРТда жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө президенттик сертификаттарды тапшыруу учурунда глобалдык деңгээлде квалификациялуу кадрлар үчүн атаандаштык күчөгөнүн айтты.

Ал быйыл жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн бүтүрүүчүлөр өлкөдөгү мыкты жогорку окуу жайларга артыкчылык менен кабыл алынып, бир катар окуучулар чет өлкөлөрдө да билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

Кендирбаева мамлекеттер даяр адистерди гана эмес, талантуу жаштарды өз өлкөлөрүнө тартууга кызыкдар экенин, анткени билимдүү жана көндүмү күчтүү жаштар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн башкы күчү деген көз караш билдирди.

Министр мындан тышкары быйылкы жылы бүтүрүүчүлөр эң көп тандалган жогорку окуу жайлар катары Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, Америкалык университетти, Кыргыз-Түрк университетин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын атады.