Кыргызстанда шайкештик сертификаттарын жана шайкештик жөнүндө декларацияларды электрондук форматка өткөрүү сунушталып жатат. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин токтом боюнча долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документти Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги иштеп чыккан. Анда Өкмөттүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Долбоорго ылайык, шайкештик сертификаттарын, аларга тиркемелерди жана шайкештик жөнүндө декларацияларды кагаз түрүндө да, электрондук форматта да тариздөө жана берүү мүмкүн болот.

Электрондук документтер кагаз түрүндөгүлөрдөн кем эмес юридикалык күчкө ээ болот жана атайын корголгон бланктарды колдонууну талап кылбайт.

Документтер атайын маалыматтык системада түзүлүп, ыйгарым укуктуу адамдын квалификацияланган электрондук кол тамгасы менен бекитилип, өтүнмө ээсине электрондук түрдө жөнөтүлөт.

Негиздемедеги маалыматта белгиленгендей, бул өзгөртүүлөр сертификациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүүгө, ишкерлерге болгон административдик жүктү азайтууга жана курулуш тармагын санариптештирүүгө багытталган.

Министрлик электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бюрократиялык процедураларды кыскартууга, документтерди берүүдө ачыктыкты жогорулатууга жана ишкерлердин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Кагаз түрүндөгү сертификаттар жана декларациялар сакталып калат — долбоор эки форматты тең колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Инициативаны ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.