«Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такировдин билдирүүсүнө караганда, акселератор программасына катышуу үчүн 50ден ашык тигүүчү компания анкета толтуруп, алардын ичинен 35 компания комиссия тарабынан тандалып алынган. Окутуунун аягына чейин 31 ишкана жеткен. Бул тууралуу ал 10-ноябрда радио эфирде айткан.

Тандоо процесси баллдардын негизинде жүргүзүлгөн. Катышуучуларга эки негизги талап коюлган: расмий («ак») соода жүргүзүү жана экспорттук тажрыйбанын болушу. Бул тажрыйбага өзүнчө көргөзмөлөргө катышуу жана B2B жолугушууларды өткөрүү да кирет.

50+билдирме берген компаниялар
35комиссия тандаган компаниялар
31окутууну аяктаган компаниялар

Программанын жүрүшүндө төрт компания катышуудан чыгып кеткен. Урмат Такировдин айтымында, алардын себеби кадрлардын жетишсиздиги болгон. Окутуу процессине сөзсүз түрдө менеджер катышуусу шарт, ал жок болсо окутуу токтоп калат.

Сентябрь айынан бери катышуучуларды тартуу боюнча маалыматтар бардык каналдар, анын ичинде социалдык тармактар жана ар бир тармак боюнча түзүлгөн тематикалык топтор аркылуу таратылып келген.