Кыргызстандын жарандары жаңы төрөлгөн наристеси үчүн мамлекеттик жардам алууда. Бул төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Төлөмдүн суммасы бир бала үчүн 4000 сомду түзөт.
Суранычты кантип берүү керек?
Ата-энелер суранычты «Түндүк» мобилдик тиркемеси, БАБ же ЗАГС органдары аркылуу берсе болот. Эгерде сиз онлайн жолду тандасаңыз, алдын ала банктык эсеп ачып алууңуз зарыл.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, тиркеме аркылуу каттоо үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
- «Түндүк» тиркемесине кирүү
- «Кызматматтар» бөлүмүн ачуу
- «Социалдык төлөмдөр» дегенди тандоо
- «Балага сүйүнчү» кызматын тандоо
Кандай документтер керек?
Суранычты берүүдөн мурун баланын төрөлгөндүгү катталганын текшерип, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү даярдап коюу зарыл. Ошондой эле төмөнкүлөр талап кылынат:
- Баланын ПИН номери
- Арыз ээсинин жашаган дареги
- Уялуу телефон номери
- Төлөмдү алуу үчүн банктык эсеп






