Жаңы тартип боюнча мамлекеттик түзүмдөр жарандардын жеке маалыматтары менен иштөөдө мыйзам талаптарын канчалык деңгээлде сактап жатканын көзөмөлдөйт. Текшерүүлөр мамлекеттик органдар өз ишмердүүлүгү учурунда алынган жана колдонулган маалыматтардын коопсуздугуна багытталат.
Бул документ Санариптик кодекстин 90-беренесине ылайык кабыл алынды. Ал мамлекеттик мекемелерди текшерүү үчүн укуктук негизди түзөт. Текшерүү процедуралары, текшерүүчүлөрдүн ыйгарым укуктары жана нарушениялар аныкталган учурдагы чаралар боюнча маалыматтар токтомдун өзүндө ачык көрсөтүлгөн эмес.
Маанилүү жагдай, жаңы талаптарды ишке ашыруу учурдагы каржылоо жана бекитилген штаттык санынын алкагында гана жүргүзүлөт. Республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүнбөйт.







