Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы маалыматына ылайык, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү туберкулезге каршы күрөшүүдө олуттуу жетишкендиктерге ээ болушту. Бирок дарыларга туруктуулук көрсөтүүчү бактериялар аймактын саламаттыгы үчүн негизги коркунучту түзүүдө.

ДСУнун маалыматы боюнча, Кыргызстан 2024-жылы туберкулез менен ооруган адамдардын көрсөткүчүн 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге азайта алды.

75%Өзбекстан жана Беларусьда өлүмдүн азайышы
20%Казакстан жана Молдовадо оорулуулардын азайышы
35%Казакстан жана Молдовадо өлүмдүн азайышы

Аймактагы эң башкы көйгөй — рифампицинге туруктуу туберкулез болуп саналат. Бул препарат биринчи линиядагы эң натыйжалуу дары болуп саналат. Дүйнө жүзүндө мындай учурлардын эң жогорку көрсөткүчү Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда байкалууда. Кээ бир өлкөлөрдө дарыланып бүткөн бейтаптардын жарымынан көбү ушундай туруктуулукка ээ болушу мүмкүн.

ДСУнун 2026-2030-жылдарга карата дарыга туруктуу туберкулездин жогорку жүгү бар 30 өлкөнүн тизмесине Россия, Украина жана Борбордук Азиянын беш мамлекети кирди. Бул тизмеге Туркменистан биринчи жолу кошулду. Ал эми Беларусь жана Молдова бул тизмеден чыгарылып, көңүл бурууну талап кылган өлкөлөрдүн тизмесине которулду.