Кыргызстанда жаңы мыйзам күчүнө кирди, ага ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жарандардан электрондук базага кирген документтерди талап кыла албайт.
Бул кадам жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө талап кылынган документтердин алмашын жеңилдетет.
Мыйзам «Мамлекеттик органдар тарабынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу» деп аталат жана мамлекеттин кызмат көрсөтүүлөрүн дагы да ачык жана натыйжалуу кылуу максатын көздөйт.







