Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы интеграциялоо процесстеринин бизнес жүргүзүү шарттарына тийгизген таасирин мониторингдөө жыйынтыгы боюнча жылдык докладды жактырды. ЕЭК пресс-кызматынын билдирүүсүнө ылайык, документ 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилди камтыйт.
ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов Евразия экономикалык союзунда бизнес шарттарын жакшыртуу боюнча иштер практикалык натыйжаларды берип жатканын белгиледи.
Комиссиянын чечимдеринин таасири
Өткөн жылы комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу долбоорлорунун таасирин баалоодогу оң корутундулардын үлүшү 91,2 пайыздан 96,4 пайызга чейин өскөн. Ошондой эле, 2022-жылдын базалык көрсөткүчү менен салыштырганда, өлкөлөр аралык товардык соода 12,9 пайызга өсүп, 95,7 миллиард долларды түздү.
Биз үчүн интеграцияны бир гана кабыл алынган чечимдер менен эмес, ал ишкерлердин күнүмдүк ишине кандай таасир этүүсү менен баалоо маанилүү.
Ишкердик активдүүлүктүн көрсөткүчтөрү да оң өзгөрүүнү көрсөтүүдө: иштеп жаткан юридикалык жактардын жана чакан ишканалардын саны көбөйүүдө. Мындан тышкары, союздагы өлкөлөрдө жумушсуздуктун деңгээли да туруктуу түрдө төмөндөп жатат.
Даярдалган доклад Евразиялык «бештик» өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.










