9-ноябрда Венгрияда Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Экономика жана энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Габор Матулла менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин карап чыгышты.
Мындан тышкары, катышуучулар Түрк инвестициялык фондунун алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, көп тараптуу финансылык жана инвестициялык механизмдерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенине белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги бардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүгө макулдашты.













