Улуттук статистика комитети жаңы статистикалык жыйнагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердиктин ички дүң продукциядагы үлүшү 50,9 пайызга жеткенин билдирди. Бул акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчтөн (42,7 пайыз) бир топ жогору.
Алдын ала баалоо боюнча, чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан түзүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 1 триллион 6,7 миллиард сомду түздү.
Ишканалардын жана ишкерлердин саны
2025-жылы Кыргызстанда 27,2 миң чакан жана орто ишкана иштеген, анын ичинен 26 миңи чакан, 1,2 миңи орто. Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-январына карата мамлекеттик статистикалык реестрде 504,9 миң жеке ишкер катталган — бир жылда алардын саны 3,4 пайызга өскөн. Айыл чарбасында 479 миң дыйкан жана фермердик чарба иштеген.
Чакан жана орто бизнес сектору 2025-жылы
Эмгек акыдагы айырма
Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы өткөн жылы 34 643 сомду түздү, ал эми республика боюнча орточо көрсөткүч 42 493 сом болду. Айырма 7 850 сомду түзөт.
Айлык акы34 643 сом42 493 сом +23%
Бирок акыркы беш жылда чакан жана орто ишканалардагы орточо эмгек акы 2,7 эсеге өскөн.
Ишмердүүлүктүн багыттары
Чакан жана орто ишканалардын эң кеңири тараган багыты — соода. Бул тармакта, анын ичинде автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо менен, ишканалардын 33,8 пайызы иштейт. Өнөр жайда 11,9 пайызы, курулушта 11,1 пайызы эмгектенет.

















