Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан эл аралык темир жолу ишке киргенден кийин, бул багыт боюнча жүк ташуу көлөмү он эсе өсүп, жылына 15–16 миллион тоннага жетет деп болжолдонууда. Бул масштабдуу өзгөрүүлөргө даярдануу үчүн Өзбекстан темир жол тармагын модернизациялоону жана жаңы линияларды курууну көздөп жатат.
Президент Шавкат Мирзиеевдин айтымында, учурда Өзбекстандын темир жол линияларынын төрттөн бири толук кубаттуулук менен иштеп жатса, дагы 15 пайызы ашыкча жүктөм астында турат. Ошондуктан улуттук инфраструктураны жаңы жүктөмдөргө даярдоо зарыл.
2030-жылга чейинки пландар
Жаңы долбоорлордун жалпы наркы 8 миллиард долларды түзөт. Президент бул курулуш жана модернизация иштерине катышуу үчүн эл аралык каржылык уюмдарды жана инвесторлорду чакырды.
- 2027-жыл
Ангрен—Пап линиясын модернизациялоо жана экинчи жолду куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу
- 2025-жыл
Ташгузар—Кумкурган участогун модернизациялоону аяктоо жана Андижан—Ханабад, Кумкурган—Кудукли багыттарын толук электрлештирүү
Ошондой эле, кийинки жылы Тукимачи—Ангрен участогуна экинчи жолду төшөө иштери башталат деп күтүлүүдө.











