Манас аэропортунда бажы көзөмөлүндө жана каттоодо чоң кезектер пайда болгону тууралуу маалыматтар тарады. Социалдык тармактардын жазылуучулары билдиргендей, аэропортто адамдардын саны өтө көп.
Кезектердин себеби катары электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу системалардагы кандайдыр бир мүчүлүштүк аталууда. Бирок бул маселе боюнча азырынча эч кандай расмий билдирүү жасалган жок.
Жүргүнчүлөр кырдаалга тынчсызданып, учууга кечигип калуудан кооптонуп жатышат.






