Нацбанк ишкерлерге эскертүү берүүдөн баштайт
Кыргызстандын Улуттук банкы жана Мамлекеттик салык кызматы жеке QR-коддорду ишкердик эсептеринин ордуна колдонгон ишкерлерге чара көрүү боюнча биргелешкен иштерди улантууда. Башында аларга эскертүү берилет, андан кийин мыйзам бузгандарга административдик айып пул салынат.
Улуттук банктын төлөм системалары бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Таалайбековдун билдирүүсүнө караганда, мыйзамга ылайык, соода менен алектенген ар бир адамда бизнес эсеп болушу керек, ал эми QR-код - кошумча кызмат куралы.
Азыркы учурда негизги көңүл түшүндүрүү иштерине бурулган. Мамлекеттик салык кызматы менен бирге рейддер жүргүзүлүп, ишкерлерге талаптар, жеңилдиктер жана артыкчылыктар түшүндүрүлөт. Алгачкы этапта гана эскертүүлөр берилет.
Бирок эгер ишкер эскертүүлөргө карабай талаптарды бузуп келсе, анда мыйзам чегинде келтирилген айып пул колдонулуп, кайталап жасалган бузулууларда айыптардын өлчөмү жогорулайт.
Мындан тышкары, Таалайбеков быйылкы жылдын соңуна чейин мобилдик колдонмолор аркылуу ички банктык которуулар үчүн физикалык жактарга нөл комиссияны сактоо маселеси каралып жатканын белгиледи.










