Учурда борбор калаанын мамлекеттик төрөт үйлөрүндө өнөктөштүк төрөт жүргүзүлбөйт. Бул жагдай боюнча Саламаттык сактоо министрлиги Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берүүдө маанилүү маалыматтарды бөлүштүдү. Министрлик мыйзам тарабынан баланын атасынын же башка жакын туугандарынын төрөт учурунда калышына тыюу салынбаганын белгиледи.

Документтен

«Кыргыз Республикасында жаранлардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 2024-жылдын 12-январындагы 108-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, медициналык уюмда тиешелүү шарттар болгон учурда жана коопсуздук талаптары сакталганда, төрөт учурунда жакын адамдын калышына уруксат берилет.»
«Кыргыз Республикасында жаранлардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 108-беренеси

Министрликтин маалыматы боюнча, өнөктөштүк төрөт процессин уюштурууга бир нече объективдүү факторлор тоскоолдук кылууда. Алардын арасында жеке төрөт залдарынын жетишсиздиги, имараттардын түзүлүшү, медициналык кызматкерлердин жогорку жүктөмү жана башка төрөгөн аялдарга купуялуулукту камсыздоо зарылчылыгы турат.

Төрөт үйлөрдөгү жүктөмдүн көрсөткүчтөрү

12Төрөт залы (Шаардык перинаталдык борбордо)
2Бир адамдык зал (Шаардык перинаталдык борбордо)
40-45Төрөттүн суткалык орточо жүктөмү (Шаардык перинаталдык борбордо)
25-30Төрөттүн суткалык орточо жүктөмү (Кыргызстандын адам репродукциясын илимий…
20-25Төрөттүн суткалык орточо жүктөмү (Эне менен баланы коргоо улуттук борборунда)

Ошондой эле, №1 төрөт үйүндөгү статистикага таянса, 2026-жылдын 10 айы ичинде жалпысынан 3521 төрөт кабыл алынган. Ал жерде суткасына орточо эсеп менен 15ден 25ке чейин төрөт жүрөт.