Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Эгенбердиева Кыргызстандагы трансплантология тармагынын абалы тууралуу маселе көтөрдү. Анын айтымында, боор же бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон көптөгөн жарандар бүгүнкү күндө Индияга барууга аргасыз болууда.
Буга биздин жарандарды ата мекендик трансплантология өнүккөн эмес деп ишендирген жеке клиникалардын дарыгерлери себепкер болууда. Адамдар аларга ишенип, чет өлкөгө кетип жатышат, көбү бизде да операциялар жасалып жатканын билишпейт. Айрым дарыгерлердин өз кызыкчылыгы бар. Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн ошол медиктердин ишин текшерүү керек.
Бул маселеге байланыштуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жооп кайтарып, Коомдук саламаттык сактоо борборунун алкагында медиктердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана өлкөдө трансплантологиянын өнүгүшү тууралуу адистерге маалымат берилүүдө.
Бейтаптардын бирдиктүү реестринин зарылдыгы
Ошондой эле эл өкүлү 2025-жылы боорду трансплантациялоо боюнча жобо бекитилгенине токтолду. Бирок ага карабастан өлкөдө орган алмаштырууга муктаж адамдардын толук кандуу эсеби азыркыга чейин так жүргүзүлбөй келе жатканын баса белгиледи.
Жылдыз Эгенбердиева бул көйгөйдү чечүү жана тармактын ишин жакшыртуу үчүн органга муктаж бейтаптардын атайын бирдиктүү реестрин тезинен киргизүү зарылдыгын айтты.








