Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Испаниядан келген делегация жана FUNIBER университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу тиешелүү ведомство билдирди.
Жолугушууга Ибероамерикалык университеттик фондунун (FUNIBER) өкүлдөрү, ошондой эле Бремен жана Миссури университеттеринин профессорлору катышты.
Министрдин айтымында, чет элдик окуу жайлар менен кызматташуу кыргызстандык студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Талкуулардын жыйынтыгында тараптар жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты. Анын алкагында Кыргызстанда чет элдик университеттин филиалын ачуу жана FUNIBER менен өнөктөш болгон окуу жайлар менен кош дипломдорду берүү программаларын баштоо мүмкүнчүлүгү каралат.
Министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде долбоорду андан ары иштеп чыгууга, анын ичинде лицензиялоо жана укуктук тартипке келтирүү маселелери боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.




















