Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 101-дарегинде жайгашкан жерди мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна кайрадан келди.

Мэриянын маалыматы боюнча, 0,996 гектар жер аянты мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-2028-жылдарга карата мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү программасынын алкагында берилет.

0,996гектар жер аянты
12 млндоллардан ашык түз түздөн-түз чет элдик инвестиция
49жыл мөөнөтүнө пайдалануу

Инвестициялык долбоор LeePrime башкаруу компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Ал премиум классындагы көп функционалдуу мейманканалык-рекреациялык комплексти, анын ичинде эл аралык Lotte Hotels брендинин беш жылдыздуу мейканасын жана LeePrime Residences сервистик резиденцияларын камтыйт.

Документте белгиленгендей, долбоордун концепциясы алдын ала жактырылган жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул жерди инвестициялык келишимдин негизинде аукционсуз 49 жылдык узак мөөнөттүү пайдаланууга берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

  1. 2026-жылдын 30-апрели

    Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин каттын номери 1584

  2. 2026-жылдын 26-октябры

    Долбоордун концепциясын алдын ала жактырган кеңешменин протоколу

  3. 2026-жылдын май айы

    Токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна биринчи жолу киргизүү