26-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында «Товардык складдар жана складдык күбөлүктөр жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциядагы долбоору талкууланып жатат. Бул өзгөрүүлөр складдык күбөлүктөрдүн иштешин заманбап талаптарга ылайык өзгөртүүнү көздөйт.

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланованын билдирүүсүнө караганда, учурда Кыргызстанда складдык күбөлүктөрдүн системасы кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүү менен иштейт жана негизинен айыл чарба продукцияларын сактоо боюнча операцияларга багытталган.

Учурдагы модель финансылык инструменттерди эсепке алуунун, жүгүртүүнүн жана колдонуунун заманбап механизмдерин толук камсыз кыла албайт. Мыйзамдык база бар болгонуна карабастан, бул система товардык каржылоо куралы катары кеңири жайылган эмес.

Учурдагы көрсөткүчтөр

4складдык күбөлүктөрдүн чыгарылышы
2018мыйзам күчүнө кирген жыл

Жаңы мыйзам долбоору складдык каржылоо механизмдерин өркүндөтүүгө, күбөлүктөрдүн жүгүртүүсүн санариптештирүүгө жана уюшулган товардык рынокторду өнүктүрүүгө багытталган. Анын максаты — ишкердик субъекттеринин каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.

Мыйзам кабыл алынса, кош күбөлүктөрдү документсиз (бездокументарно) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн укуктук шарттар түзүлөт.