Кыргызстандын Мусулман дин иштери башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 25-ноябрда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен өзгөчө кеңешме болуп өттү. Иш-чарага муфтияттын орун басары Шакир ажы Маматов, Диний иштер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү, ИИМ кызматкерлери жана аккредитациясы бар туристтик компаниялардын жетекчилери катышты.
Кеңешменин негизги максаты — зыяраткерлерди уюштурууда мыйзамдарды сактоо, туроператорлордун жоопкерчилигин жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болду.
Катышуучулар «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын айланасындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. ИИМ өкүлдөрү туристтик компаниялардын жетекчилерине бул фирма тарабынан жасалган болжолдуу мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалымат берип, мындай мыйзам бузууларга жол берилбеши керектигин эскертишти.
Аккредитация боюнча маалымат
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдар, муфтият жана туристтик компаниялардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү зарылчылыгы белгиленди. Зыяраткерлердин кызыкчылыгын коргоо жана саякат учурундагы коопсуздугун камсыз кылуу эң башкы артыкчылык болуп саналат.













