Кыргызстан президентинин администрациясында «Эл умуту» стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Мамытканов төрагалык кылды.
«Эл умуту» стипендиясы таланттуу жаштарды колдоп, ал алдындагы магистратура жана докторлук (PhD) программаларын дүйнөлүк рейтингдерге кирген топ-100 университеттерде үзгүлтүксүз окууну шарттайт.
Бул стипендия жаатында аталган дүйнөлүк университеттер QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде жогорку сапат менен таанылган.













