Кыргызстанда банктык депозиттерди коргоо боюнча кепилдиктерди жогорулатуу маселеси каралууда. Бул демилге калктын кирешесинин өсүшү жана банктагы салымдардын көлөмүнүн чоңоюшу менен байланыштуу болуп жатат.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев «Биринчи радиодо» берген маалыматына ылайык, учурда бул маселе Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш менен талкууланууда.
Биз талдоо жүргүзүп, кепилденген сумманы көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул маселе Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш менен талкууланууда. Балким, ал чечилет, бирок так мөөнөттөрүн азырынча айта албайм.
Кыргызстанда депозиттерди коргоо системасы 2008-жылдан бери иштеп келет. Алгач кепилденген төлөмдүн өлчөмү 20 миң сомду түзгөн, андан кийин ал этап-этабы менен жогорулатылып келген.
Агенттиктин директорунун түшүндүрмөсүнө караганда, 1 миллион сомдук кепилдик ар бир банк үчүн өзүнчө иштейт. Мисалы, эгерде жаран эки башка банкка 1 миллиондон сомдон салым койсо жана эки банк тең ишин токтотсо, ал ар бир салымы боюнча кепилденген төлөмдү алууга укуктуу.





