Министрлер Кабинети авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген ишкерлерди каттоодон өткөрүү боюнча жаңы тартипти киргизүүдө. Бул боюнча №769 токтомду Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 19-ноябрындага толгузуп койду.

Пилоттук долбоор токтом күчүнө кирген күндөн тартып 11 ай бою созулат. Аталган долбоордун негизги максаттары төмөнкүлөр:

  • авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген субъекттердин ишмердүүлүгүнүн тартибин жакшыртуу;
  • жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу;
  • авиациялык кызматтарды керектөөчүлөргө туура маалымат берүүнү камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо;
  • мындай субъекттерди эсепке алуу жана каттоо механизмин сынап көрүү.

Бул иштерди координациялоо жана каттоо үчүн укуктуу орган катары Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация агентчилиги белгиленди. Авиабилеттерди брондоо, тарификациялоо жана сатуу менен алектенген тараптар токтом күчүнө киргенден кийин 30 календардык күндүн ичинде агентчиликке каттоо жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча агентчилик анын натыйжаларын баалаган соң, маалыматты Президенттин Администрациясына жөнөтөт. Ошондой эле, каттоо механизмин мындан ары колдонуу же өзгөртүү боюнча сунуштар да берилет.