Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган токтомго ылайык, мамлекеттик аккредитациядан өтпөй турган медициналык билим берүү уюмдарында окуган чет элдик жарандар үчүн атайын шарттар түзүлүүдө.
Эгерде чет элдик студенттер Кыргызстандын аймагында S түрүндөгү окуу визасы менен жүрүп жатса, анда алардын башка аккредитацияланган окуу жайларга которулуусу үчүн 30 календардык күн убакыт берилет.
Бул процесс учурунда студенттерге көмөк көрсөтүү үчүн бир нече мамлекеттик орган милдеттендирилди. Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги жана «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасы аккредитациядан өткөн медициналык окуу жайларга которууга жана окууну улантууну тастыктаган документтерди алууга жардам бериши керек.
Маанилүү жагдай: студенттер визалык документтерди кайра тариздөө үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү эмес. Тышкы иштер министрлиги жана УКМК чакыруучу тараптын алмашуусун жана тиешелүү визаларды өлкө ичинде эле тариздөөнү камсыз кылуу боюнча тапшырма алышты.
«Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» окуучуларга документтерди кайра тариздөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берип, алардын мамлекеттик органдарга тапшырылышына көмөктөшүүгө тийиш.
- 2025-жыл, 28-август
Президент медицина тармагында адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон
- 2026-жыл, апрель
Министрлер Кабинети уюмдарды мамлекеттик аккредитациялоо тартибин бекиткен












