Талас облусунун Табигатты коргоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгы Киров суу сактагычында рейд өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты — аймактагы суулардагы мыйзамсыз балык уулоолорду аныктоо жана алдын алуу.
Рейд учурунда 200 метр узундуктагы синтетикалык сел жүлнөсү табылып, суу сактагычтан алынган. Бул акт аркылуу мыйзам бузуу фактысы каттоого алынды.
Аталган сел жүлнөлөрүнүн колдонулушу суунун биологиялык ар түрдүүлүгүнө, айрыкча балык ресурстарын калыбына келтирүүгө жана сактоого олуттуу зыян келтирет.
Талас аймагындагы табигатты коргоо багытындагы рейддик иштер туруктуу негизде улантылууда, бул мыйзамсыз аракеттерге тоскоолдук түзүү жана экологиянын сакталышын камсыздоо үчүн өткөрүлөт.












