Кыргызстан Министрлер Кабинети социалдык камсыздоо тармагындагы тартипти жакшыртуу максатында жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — кресло-коляска менен камсыздоо тартибинде белгиленген жаш курагынын чеги төмөндөтүлдү. Буга чейин бул көрсөткүч 85 жаш болсо, эми 75 жаштан баштап акысыз алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Жетекчиликке коюлган жаңы талаптар

Жаңы чечимге ылайык, социалдык стационардык мекемелердин жетекчилигине сунуштоодо катуу талаптар коюлду. Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин директорлоруна соттолгон адамдарды дайындоо тыюу салынды:

  • карылар үчүн социалдык стационардык мекемелер
  • жааракаттуулар жана майыптыгы бар чоңдор менен балдар үчүн мекемелер
  • жааракаттуу балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү
  • жашоосу кыйын абалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлору

Ошондой эле, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун түзүмүндө жаңы кызмат орду түзүлдү. Борбордун директорунун орун басары дайындоону жана кызматтан бошотууну борбордун жетекчиси өзү жүргүзөт, ал эми жетекчи жок учурда анын милдеттерин аткарат.

Мындан тышкары, токтом менен аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине карата айрым талаптар жана социалдык камсыздоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары да өзгөртүлдү.