Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы №731 токтому менен Социалдык фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөр киргизилди. Токтомго премьер-министр Адылбек Касымалиев кол койгон.
Ага ылайык, Социалдык фонддун жетекчисине жана анын орун басарларына, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн негизги персоналына президенттик компенсациялык төлөм 15 миң сом өлчөмүндө белгиленди.
Кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү
Ал эми кенже жана тейлөөчү персоналга президенттик компенсация 5 миң сомго чейин төлөнөт. Бул төлөм иш жүзүндө иштеген убакытка жараша пропорционалдуу эсептелет, бирок бир толук штаттык бирдиктен ашпоого тийиш.
Президенттик компенсациялык төлөм эмгек өргүүсүнө, ден соолук чыңдоого, 13-айлык эмгек акыга, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашоо жана иштөө үчүн берилүүчү үстөктөргө эсептелбейт.
Мындан тышкары, Социалдык фонддун кызматкерлерине жогорку квалификация, татаалдык, жумуштун сапаты жана натыйжалары, кесиптик демилге, ошондой эле чексиз жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50% өлчөмүндө кошумча төлөм каралган.
Бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөктөр жана кошумча төлөмдөр берилет.
Документтен
Президенттик компенсациялык төлөм эмгек өргүүсүнө, ден соолук чыңдоого, 13-айлык эмгек акыга эсептелбейт.

















